Урматттуу кесиптештер жана студенттер!
Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы менен куттуктайбыз!
Кыргыз тили – байыртадан келген тил,
Кыргыз тили – бактыбызга берген тил,
Кыргыз тили – балдай таттуу ширелген,
Кыргыз тили – бабаларым сүйгөн тил.
(автор - Арзыматова Э.)
2020-ж. 22-сентябрында Н.Исанов ат. КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгына карата «Улутту улут кылган - тил!» деген аталышта онлайн иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара «Кыргыз тили» гимнин аткаруу менен башталып, андан соң Тил мыйзамынын кабыл алынышын чагылдырган тарыхый видео көрсөтүлдү. Аталган онлайн иш-чаранын катышуучуларын университеттин ректору, т.и.д., проф.А.А.Абдыкалыков куттуктады https://youtu.be/WDtt2Vvf5i8 
Андан соң «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доц. М.К.Карыбекова Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өткөрүлгөн «Тил жумалыгынын» Жобосу тууралуу толук маалымат берип, 5 сынактык тапшырма боюнча жыйынтыктарды жарыялады:
  • 14-сентябрдан тартып 21-сентябрга чейин өткөрүлгөн «Улутту улут кылган - тил!» деген аталыштагы жумалыктын алкагындагы окутуучулар арасындагы "Кыргыз тилиндеги мыкты видео-сабак" сынагынын жыйынтыгы  https://youtu.be/3dePShca4EI  тааныша аласыздар;
  • «Келгиле, тилибизди даңктайлы» көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрүнүн видеолору https://youtu.be/nR1gJzChAf8
  • «Менин тилим-менин дилим» деген аталыштагы дил баян жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү
  • «Сабаттуулук – кыргыз тилин өнүктүрүүнүн башаты» - тандалып алынган презентациялар
  • «Автордук ырлар сынагы (1-курстун студенттери арасында) https://youtu.be/rX4HTRuVqXY 
Бардык жигердүү катышкан окутуучуларган жана студенттерге уюштуруучулар тарабынан «Ардак грамоталар» университеттин Окумуштуулар кеңешинде тапшырылмакчы.
«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы