Н.Исанов ат. КМКТАУнун астындагы Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 29 жылдыгына карата “Эгемендүү Кыргыз Республикасы” деген аталышта онлайн-конференция болуп өттү.

Онлайн-конференция аталган борбордун жетекчиси, филол.ил.канд., доцент Карлыгач Жумакадырова жана “Кыргыз тил жана адабият” кафедрасынын окутуучусу Сартбай кызы Гүлзат тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

Баарыбызга белгилүү болгондой 1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекеттин көз карандысыздыгы боюнча декларация кабыл алынгандан бери эгемендүүлүктү алганыбызга 29 жыл болду. “Эгемендүү мамлекет” сөзүнүн маанисин жаштарга ачып берүү ар бир окутуучунун милдети эмеспи. Андыктан жаш муундарга, окутуп жаткан студенттерибизге эгемендүү мамлекет жөнүндө кенен маалымат берүү максатында бул сабакты онлайн-конференция форматында өткөрүү мерчемделген. Бул маселени чечүү максатында “Эгемендүү Кыргыз Республикасы” деген аталышта онлайн-конференция өткөрүлдү.
Алгач онлайн-конференцияны Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, т.и.д., проф Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович ачып берди. Андан соң коноктор: КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева жана башкы адиси Асылбек Орозов, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, КР Улуттук Илимдер Академиясына караштуу терминология секторунун башчысы, ф.и.д., КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талант Бакчиев, Каракол шаарынан байланышка К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Омурзакова Карамат Кудайкуловна озүнүн студенттери менен бирге конференцияга онлайн катышты. Ошондой эле иш-чарага “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасынын окутуучулары ф.и.к., доц Сулайманкулова Мээрим жана окутуучу Курманалиева Күмүшай да катышышты.
Ал эми КМКТАУнун ПИН-1-20, ПИН-2-20 топторунун студенттери “эгемендүүлүк” деген сөздүн тегерегинде өз ойлорун билдиришип, тематикалык презентацияларын сунушташты. Ал эми 2-курстун студенттери өз слайд-материалдарын чебердик менен коргошуп, “эгемендүү мамлекет” темасыын маани-маңызын чечип бере алышты.
Конференцияны университеттин тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору, т.и.к.,доц.Болотов Таалай Турсункулович жыйынтыктады.