Н.Исанов ат.КМКТАУнун Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, ф.и.к., доцент  Карлыгач Жумакадыровага  23 өлкөнүн  окумуштуулары тарабынан даярдалган “БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ. ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ”  аттуу тарыхый китептин автору катары 2 томдук көлөмдүү китеп Кыргыз Республикасындагы Түркиянын элчилиги тарабынан тапшырылды.


2020-жылдын 10-сентябрында КР Улуттук илимдер академиясында белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана бул дүйнөдөн өткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата ТҮРКСОЙ тарабынан 2018-жылды “Чынгыз Айтматовду эскерүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу  23 өлкөнүн 98 окумуштуулары  тарабынан  биринчи жолу атайын 2 бөлүктөн турган “Кылымга тете бир өмүр” темасындагы эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын алкагында өзгөчө илимий-изилдөөлөр кирген  “БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ. ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ”  аттуу тарыхый китептин презентациясы болуп өттү.

Бул китеп 2 жыл убакыт ичинде иликтенип, Түркиянын президенти Реджеп Тайиб Эрдогандын колдоосу менен чыгарылды. Китепке Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун баш сөзү берилип, тандалган окумуштуулардын илимий макалалары  камтылган. Жарык көргөн китептин өзгөчөлүгү – “Айтматов таануудагы” кийинки жаңы илимий изилдөөлөр орун алгандыгында. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Нури Шимшеклер, КРУИАнын президенти М.Жуматаев, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору А.Акматалиев жана илимий изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар катышып, элчилик тарабынан автор катары иликтөө жүргүзгөн илимпоздорго китептер тапшырылды. 23 өлкөнүн 98 окумуштууларынын катарында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун башчысы, ф.и.к., доцент К.М.Жумакадырова да катышып, автор катары  2 томдук көлөмдүү китепти алып келип, С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборуна койгону жакшы көрүнүш. Мамлекеттик тил борбору илимий китептерге толо берсин демекчибиз.