2020-ж., 1-сентябрда Н.Исанов атындагы КМКТАУда жаңы окуу жылынын башталышына карата «Билим күнү» болуп өттү.

Алгач университеттин ишмердүүлүгү тууралуу видеролик көрүштү. Университеттин ректору, т.и.д., профессор А.А.Абдыкалыков өз сөзүндө студенттерди «Билим күнү» жана абитуренттердин окууга өтүшү менен куттактап, алдыдагы окуу-семестрлеринде ийгиликтерди каалады. Ректор студенттерге университеттин билим берүү процессиндеги, спорттук жана маданий турмушундагы жетишкендиктери, ошондой эле эл аралык билим берүү долбоорлорунун иш жүзүнө ашырылышы тууралуу маалыматтарды берди. Андан соң студенттерден куттукташты:

  1. Асанбаев Акоша – (ИСТ-1-16 т.с.);
  2. Төлөнов Нурданат (АС-1-17 т.с.);
  3. Медербекова Адель – ЭМИ сенаты;
  4. Бактыбек уулу Улукман –активист-студентт;
  5. Жалалов Шайхидин «Өнөр-жай жана жарандык курулуш» адистигинин, 1-курстун студенти.

Иш-чара университеттин окуу имараттары жана жатаканалары боюнча видео-экскурсияны көрсөтүү менен соңуна чыкты.