2020-ж. 21,22-майында Н.Исанов атындагы КМКТАУ 29 бакалавриат, 2 магистратура, ОКБ-1, КББ-12 багыттары боюнча  коз карандысыз аккредитациядан өтөт.

2019-жылдын ноябрында өткөрүлгөн тендердин натыйжасында көз карандысыз аккредитациялоону өткөрүү укугу "Билим-Стандарт"агенттигине ыйгарылган. Программага ылайык Чоң жыйындар залында университеттин жетекчилиги менен жамааты "Билим-Стандарт" агенттигинин эксперттери менен жолугушуусу болуп өттү. Ректор, проф.А.А. Абдыкалыков университеттин ишмердүүлүгү тууралуу кыскача баяндама жасады. Андан соң университетке экскурсия өткөрүлдү, эксперттер Н.Исанов музейине барышты, анда Н.Исанов жеке документтерин жана анын сыйлыктарынын көчүрмөлөрү менен таанышышты. Эске салсак, 2008-жылы университетке эгемендүү Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган.

Андан соң университеттин көргөзмө залында жайгаштырылган сыйлыктар, макеттер, экспонаттар, долбоорлор, ошондой эле университеттин жетишкендиктерин, илимий-техникалык потенциалын чагылдырган маалыматтык такталар менен таанышышты. 3-окуу имаратында уникалдуу изилдөөчү жана окуу жабдыктары – сейсмоплатформаны көрүп, ошондой эле Лира-САПР Борборун кыдырышты. Атап айтсак, аталган борбордо магистранттар жана студенттер заманбап программалык продукттарды кеңири пайдаланышат. Лира программасынын жардамы менен ар кандай татаалдыктагы имараттарды жана курулмаларды (стадиондорду, аэропортторду, ж. б.) моделдөө жана эсептөөнү өздөштүрүшөт.

Эксперттер китепканага, окуу залына (1, 2-кабат) жана электрондук китепканада да болушту. Экскурсиянын аягында коноктор Санариптик билим берүү борборунда ишке ашырылып жаткан бир нече долбоорлор менен тааныша алышты. Аталган борбордо Асанбаев Акоша (ИСТ-1-16т.студенти) "Гид-студент" деген аталыштагы роботтун ишин жана "Мобилдик телефон менен баарын башкаруу" долбоорун баяндап берди. "Гид-студент" роботу аралыктан башкарууну интернет аркылуу (зымсыз) менен дөңгөлөк түзмөк менен жылып, башкарылат. Бардык маалыматтар сенсордук экрандагы белгилер менен башкарылат. "Уюлдук телефон менен баарын башкаруу" долбоору коноктордун өзгөчө кызыгуусун туудурду. Асанбаев А. маалыматтык программанын негизинде аралыктан башкарууну көрсөтүп берди, атап айтсак бөлмөдөгү жарыкты күйгүзүп/өчүрүү, розеткадагы электр тогун күйгүзүп/өчүрүү, электр чайнегин башкарууну, терезедеги жалюзилерди ачып/жабууну, каалганын кулпусун бекитип/ачууну колундагы мобилдик телефон аркылуу башкарып, заманбап программанын мүмкүнчүлүктөрүн айтып, көрсөтүп берди.

Университетте иштөө процесси санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык уюштурулган, эксперттер үчүн санитардык-гигиеналык талаптарды жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.