КР Баатыры, Кыргыз эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуевдин 95 жылдыгына арналган онлайн-конференция Н.Исанов ат. КМКТАУнун С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, ф.и.к., доцент Жумакадырова Карлыгач Мамбетжумаевна тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

Аталган илимий конференцияга Турциядагы ТЮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү, акын Кожогелди Култегин конференцияга катышты. Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков да  конференцияга жигердүү катышып,  кыргыз элинин акындарын унутпай, жыл сайын  алардын элесине таазим кылып, эстеп, иш-чара уюштургандарга ыраазычылык билдирди. Онлайн конференцияга 1-курстун ПИН-1-2-19, ХПК-1-19 топторунун  студенттери жана "Кыргыз тили жана адабияты" кафедрасынын окутуучулары да окуткан топтору  менен да катышышты.