Н.Исанов атындагы КМКТАУ 2020-жылдын 5–мартында Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата республикабыздын мектеп окуучулары арасында көркөм окуу видео сынагы жарыяланган.

Бул сынак Instagram #кгуста2020 баракчасына жарыялоо аркылуу өткөрүлдү. Жарыяланган сынакка өлкөбүздүн бардык аймактарынан көптөгөн видео тасмалар келип түштү. Бардык мекенчил жаш катышуучуларыбызга Ата мекенибизди даңктап, ошону менен катар Улуу Женишти урматына ата-бабаларыбыздын эрдигин даңазалап, өз чыгармачыл аракеттерин видео тасмалар аркылуу билдиргендерине терең ыраазычылык билдиребиз! Катышуучуларыбызга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, окууларында жетишкендиктерди жана өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө үлгүлүү, татыктуу инсан болушуп, элибиздин тарыхына кайдыгер карабаган мекенчил жарандардын катарын толуктоону каалайбыз! 

Урматтуу катышуучулар, сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй орундар ыйгарылды:

1-орун. Жанышбек уулу Чынгызбек, Жалал-Абад областы, Ала-Бука району, Көк-Таш айылы, А.Жумабаев атындагы №22 орто мектептин 10-классынын окуучусу;

2-орун. Бактыбеков Айтегин, Бишкек шаарындагы А.Осмонов ат. №68 ОТКМГ окуучусу.

3-орун. Акбаралиева Сайкал Болотовна, Ош областы, Кара-Кулжа району, М.Байымбетов атындагы мектеп, 11-класс.

3-орун Турдунбекова Аделина, А.Молдокунов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 1-класс.

Калган катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз:

  • Арстанбекова Алия
  • Суеркулова Камила
  • Омурзаков Мухаммед
  • Абдукаримов Саид
  • Абдукаримова Санира
  • Азим кызы Назик
  • Бектур кызы Перизат
  • Омурбеков Бакай
  • Камчыбеков Жанарбек
  • Рахмадилдеев Суйундук
  • Жаныбекова Эркеайым
  • Эралкан кызы Айгине
  • Турдубаева Айжан
  • Иманбекова Жамиля