2020-ж. 27-апрелден 10-майга чейин Н.Исанов ат.КМКТАУда  «АРДАГЕРЛЕРДИН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ» сынагы старт алды.

Кымбаттуу студенттер,  сынактык видео-материалдарыңыздарды ФЕЙСБУК, ИНСТАГРАММ #АРДАГЕРЛЕРДИН ЭРДИКТЕРИН ДАНКТАЙБЫЗ хештек дарегине жөнөтүңүздөр. Ал эми биздин университетибиздин студенттери аталган сынакка кандай иштер менен катышкандыгы тууралуу    @ksucta_n.a_isanov баракчасын белгилеп,  #КГУСТА_Сднемпобеды75лет хештегинен биле аласыздар.

 СЫНАКТЫН ПРОГРАММАСЫ:

  • ЖЕҢИШ, ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК, ЭРДИК, ЭМГЕК жөнүндөгү ырларды көркөм окуу (2 мүнөткө чейин);
  • Согуш мезгилиндеги элдин духун көтөргөн обондуу ырларды аткаруу (3 мүнөткө чейин);
  • Согуштагы жана тылдагы чоң ата, чоң энелерибиздин эрдигин жана эмгегин чагылдырган чыгармалардан монологдорду, диалогдорду аткаруу (3 мүнөткө чейин);
  • Студенттер арасында онлайн режиминде “ӨЛБӨС ПОЛК” эстафетасын өткөрүү. (Ар бир окуучу өзүнүн чоң ата, чоң энесинин сүрөтүн көрсөтүп, эрдигин айтып берүү) (2 мүнөткө чейин);
  • СОГУШ, ЖЕҢИШ, ТЫНЧТЫК темасындагы видео-роликтерди (2 мүнөткө чейин) жана сүрөттөрдү тартуу;