Н. Исанов атындагы КМКТАУнун көрктөндүрүү, жашылдандыруу  жана санитардык тазалоо боюнча түзүлгөн үч айлык иш планына ылайык ар апта сайын университеттин территориясында  көчөттөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат.

Ал эми университетке жакын жайгашкан көчөлөрдү санитардык тазалоо иштери аптанын жума, ишемби күндөрүндө өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, мындай коомдук иш-чара окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер тарабынан кызуу колдоо  таап, Бишкек шаарыбызды «жашыл шаар» болушуна өз салымбыз кошобуз деген ураан алдында ишке ашырылууда