2020-ж. 4-мартта Н.Исанов ат.КМКТАУнун “Сооронбай Жусуев ат.мамлекеттик тил борборунун” жетекчиси, ф.и.к., доцент Карлыгач Жумакадырова Бишкек ш. “Манас жана Ч.Айтматов” атындагы Улуттук Академияда ТҮРКСОЙ Эл аралык маданий Ассоциациясынын мүчөсү, Түрк тилдүү элдердин поэзия фестивалынын жеңүүчүсү Маржан Ершунун “Жүрөгүм” деп аталган кыргыз тилинде чыккан китебинин презентациясына катышты.

Кыргыз-казак элине чыгармачылык көпүрө болгон белгилүү акын жана котормочу Алтынай Темирова аталган китепти кыргыз тилине которгон. Адабий кечеге кыргыз-казак элинин белгилүү акын-жазуучулары– Баяс Турал, Гүлсайра Момунова, Мая Осмонкулова, “Манас жана Ч.Айтматов” атындагы Улуттук Академиянын жетекчиси Топчубек Тургуналиев, Анар Кабдуллина, ақын Гүлзада Ниетқалиева жана башка адабият таануучулар жана сынчылар, КРдагы Казакстан элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Карлыгач Жумакадырова авторлордун өтүнүчү менен “Жүрөгүм” китебине адабий анализ жасаган. Белгилей кетчү нерсе, жогорудагы коноктордун кийинки сапарында “С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборуна” келүүсү пландаштырылды.

С.Жусуев ат.мамлекеттик тил борбору