Кыргызстанда улуттук баш кийим - ак калпактын урматына «Ак калпак күнү» 2016-жылдан бери расмий түрдө 5-март күнү белгиленип келет.

Колледждин студенттерине улуттук баш кийимдин маанисин терең түшүнүү жана аны сыйлоо, ошону менен бирге улуттук салтты билүү, кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында чакан иш-чара уюштурулду.

Иш-чараны колледж директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Канаев Марсель куттуктоо сөзү менен ачып, ак калпак күнү тууралуу кыскача баяндама жасады.

Иш-чарада атайын 1-курстун активисттери тарабынан даярдалган “Кара жорго” бийи бийленип, ак калпакчан балдар бириккен флешмоб өткөрүштү.

Ошону менен бирге ак калпакчан мырзалар айымдарды келе жаткан 8-март Эл аралык аялдардын майрамы менен куттуктап, орус жазуучуларынын чыгармаларынан айымдарга арналган ырларын көркөм окуп беришти.

Администрация тарабынан колледждин мыкты окутуучулары Ж.К . Осмоналиева, Ф.С.Изакеева,Темирбек кызы Нуркыз жана 1-курстун «мыкты» окуган, активист кыздары атайын грамоталар менен сыйланышты.

 

Эсенгулова Г.Т.