2020-жылдын 3-мартында КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съезди болуп өттү.

Күн тартибинде 2015-2019-жж. аткарылган иштер боюнча отчет жана 2020-2025-жж. тармактык профсоюздун негизги ишмердүүлүгүнүн багыты, республикалык ревизиялык комиссиянын отчету, КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасын, мүчөлөрүнүн курамын бекитүү сыяктуу маселелер коюлган.

Биздин университеттен Дильдаев М.С. – КМКТАУнун ПК төрагасы, Алтыбаев А.Ш. – КМКТАУнун ПК төрагасынын орун басары, Омурзаков А.Б. – КМКТАУнун студенттик ПК төрагасынын орун басары, Жумагулова А.К. – активистка, ТВ-1-18 тобунун студенти делегат болуп катышышты.

Өлкөбүздүн бардык аймагынан келген делегеттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы болуп Токтогулов Асылбек Токтогулович бир добуштан шайланды, ошондой эле 57 кишиден турган мүчөлөрүнүн курамын бекитилди.

Асылбек Токтогуловичти КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сизге чың ден-соолук, албан-албан ийгиликтерди жана алдыга койгон максаттарыңызга жетишиңизге тилектешпиз! ПК төрагасынын орун басары Алтыбаев А.Ш.

Зам.председателя ПК Алтыбаев А.Ш.