2020-ж. 3-мартта Н.Исанов ат.КМКТАУда «Короновирус жана КРВИ» тууралуу окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер үчүн алдын алуу лекциясы болуп.

Иш-чара университеттин мед.бөлмүнүн кызматкерлери Маямерова А.К., Модалиева Л.В., Гапарова А.А. тарабынан уюштурулган. Лекцияны Бишкек ш. ШСЭКБ санитардык дарыгерлери  Кубаталиева Р.С., Райымжанов Н.Э. алып барышты. Лекторлор коронавирус жана КРВИ алдын алуу жана дартты аныктоо суроолору тууралуу толук маалыматтарды беришти.  Биринчи кезекте жеке тазалыкты сактоо менен өздүк саламаттыкка кам көрүү зарыл экендиги баса белгилешти.