Урматтуу кесиптеш айымдар жана студенттер!

Сиздерди 8-март эл аралык аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жаз мезгилинин алгачкы күнүндө белгиленип жаткан майрамыңыздар жарык маанай, жакшы ой-тилектер менен коштолуп, улуулардын ыраазычылыгы, кичүүлөрдүн ызаты менен бирге эмгек жолуңуздарда даражалуу абройго жеткирип, кесипкөй жаштарды даярдоо иштериңиздерде ийгиликтерди алып келсин. Жаз майрамыңыздар кут болсун.

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык курулуш ЖОЖнун Ассоциация башкармалыгынын вице-президенти, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, КР илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, техникалык илимдердин доктору, профессор – А.А.Абдыкалыков.

Эл аралык 8-март майрамына арналган майрамдык иш-чара 2020-ж. 6-мартта саат 11.00 дө университеттин ЧЖЗ өтөт.