2020-ж. 21-февралында Н.Исанов ат.КМКТАУда Мекен коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.


Куттуктоо сөзү менен университеттин ректору, т.и.д., профессор А.А.Абдыкалыков чыгып сүйлөп, университеттин алдыңкы 30 мырза-кызматкерлерине университеттин Ардак грамоталарын тапшырды. Аялдар кеңешинин атынан э.и.д., проф.А.А.Шербекова куттуктады. Андан соң Жаштар борборунун атынан майрамдык концерттик программа тартууланды.

Майрамдын тарыхы: Мекен коргоочулардын күнү  РСФСР ББАК Президиумунун токтомуна ылайык 1922-ж.27-январындагы бери белгиленип келген; алгач «Кызыл Армиянын жана Флоттун күнү» деп аталып, 1946-жылдан баштап «Советтик Армиянын жана Аскердик-Деңиз флотунун күнү» деп аталган. СССРдин урашы менен аталган майрам Россияда, Беларуссияда жана Кыргызстанда белгиленип келүүдө.