1999-жылдан баштап Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан 21-февраль  эл аралык эне тил күнү деп жарыяланып, жыл сайын 21-февраль маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келет.


Бүгүн Н.Исанов ат.КМКТАУда "Кыргыз тили" кафедрасы тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чараны «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доц.М.К.Карыбекова ачып, эне тилди сактап, кылымдарга сактоо ар бирибизден көз каранды деп баса белгиледи. Андан соң 1-курстун студенттери  дүйнө элдеринин долбоор-презентацияларын көрсөтүшүп, ар улуттардын өкүлдөрү кыргыз тилинде ырлардан жана дүйнөлүк адабий чыгармалардан кыргыз тилиндеги котормолорунан көркөм окуп беришти. Комиссиянын чечими менен Ардак грамота менен Хаджиев Сардор (ПИ-1-19 т.с., Тажикстан тууралуу презентация); Балыбин Григорий (РР-1-19 т.с., Россия тууралуу презентация); плакаттар сынагында –Ардак грамота менен ДАС-2-19 т.студенттери сыйланышты.

«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы