«Курулуш материалдарын, буюмдарын, констукцияларын эксперттөө жана өндүрүү» кафедрасынын тегерек отуруму

2020-ж. 12-февралда “КМБКЭжӨ” кафедрасында билим берүү программасынын стейкхолдери менен өз ара байланышын жакшыртуу жана кызматташтыкты кеңейтүү максатында “ПСК” жана “ЭУН” профилинин студенттеринин, магистранттарынын катышуусу менен профессордук-окутуучулар курамынын кеңири отуруму өткөрүлдү.

Аталган тегерек отурумга «Домостроительный сервис «Азат» ЖЧКсынын башкы инженери Опарин Е.М. жана лабораториянын башчысы Мелибаев С.Ж., Бишкекглавархитектуранын алдыңкы адиси Амиров Т.Т., КР Өкмөтүнүн астындагы жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигигин мааыматтык технологиялар жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын алдыңкы адиси Тургунаалы уулу Тилек, СМУ-3 ЖЧК директорунун орун басары Сартбаев Ш.Ж., «Каркас КЖ»ЖЧК директору Абдыкадыров А.А., ошондой эле аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышышты.
Отурумда билим программасынын курамындагы суроолор, көйгөйлөр жана жумуш берүүчүлөр менен кафедранын кызматташуусун өнүктүрүү келечеги талкууланды. Магистранттардын билим системасынын практикага багытталган маселелери жана башка суроолору талкууланды.

Жумуш берүүчүлөр өз ыраазычылыктарын билдирүү менен кийинки кызматташууга даярдыгын, ошондой эле  сунуштарын киргизишип, кызматташуу процессин жакшыртуу боюнча билим программасынын бардык курамына өзгөртүү киргизүү боюнча пикирлерин билдиришти.

“КМБКЭжӨ” кафедрасы