14-февраль «Китеп күнү» жана кыргыз поэзиясынын классиги А.Осмоновдун 105 жылдыгына карата 2020-жылдын 10-февралында Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын окутуучулары «Мен дүйнөнү китеп менен тааныйм» деген чакырыктын негизинде  университеттин  биринчи курсунун студенттери  менен А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага экскурсияга барышты.

Алгач, китепкананын кызматкерлери студенттерди топ-топторго бөлүп, ар бир бөлүмдөр менен тааныштырып, китепкананын шарттары менен  кенен маалымат беришти. Андан соң А.Осмоновдун музейине кирип, акындын балалык мезгилининен тартып, өмүрүнүн акырына чейинки жашоосу жөнүндө кеңири айтып беришип,   ырларын көркөм окуу менен бирге, акындын поэзия дүйнөсүндөгү зор чеберчиликтеги  көркөм ачылыштары менен студенттерге таасирдүү элес калтырышты. Белгилей кетсек, А.Осмоновдун  өмүрү жана чыгармалары ЖОЖдордун окуу программасына кошулган. Андыктана бир студент үчүн түздөн-түз пайдалуу маалыматтар менен кабардар болгондугу кубандырат.

Бул иш-чаранын негизги максаты - жаштарды китеп окууга үндөө менен бирге аларды китепке болгон кызыгуусун арттыруу.  Анткени  китеп билимдин, илимдин ачкычы, китеп окуу - эс-тутумду жакшыртуунун эң негизги куралы  эмеспи.

«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын
улук окутуучусу Сартбай кызы Гүлзат