2020-ж.13-февралда Н.Исанов ат.КМКТАУдаУлуу Ата Мекендик согуштагы «Жеңиштин 75 жылдыгына» арналган КМКТАУнун студенттери арасында «Аскер ыры-2020» фестиваль-сынагы болуп өттү.


Фестиваль-сынактын максаты – патриоттук сезимге тарбиялоо, өз эли- жерин сүйүүгө, урматтоого, улууну сыйлоо, кичүүнү ызаттоого; улуттук маданий мурастарын, ата-бабабыздан калган асыл нарк-нускаларды, салттуу билимдерин жана майрамдарды сактоо, өнүктүрүү; Улуу Ата Мекендик согуштагы «Жеңиштин 75 жылдыгына» карата салтанатуу иш-чарага жана «Студенттик Бишкек жазы-2020» фестиваль-сынагына даярдык көрүү.

«Аскер ыры-2020»  фестиваль-сынагын өткөрүүнүн Жобосуна ылайыкар бир институттун  студенттери  Мекенди коргоо, согуш, тынчтык, аскер темасына арналган ырлардан  ( соло, дуэт, трио) аткарышты. Өзгөчө популярдуу болгон «Катюша», «Эстелик» ырлары да жаңырды. Жеңүүчүлөр 21-февралда Мекен коргоочулар күнүнө арналган иш-чарага катышышып, ректораттын атынан диплом, грамоталар менен сыйланышмакчы.

Жаштар борбору