“Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору” – Жогорку окуу жайлар ортосундагы байланышты бекемдөөнүн башаты

2020-жылдын 1-февралында  Н. Исанов атындагы КМКТАУнун "Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунда» сырттан келген тренер-ф.и.к., доцент Г.Станалиеванын " Илимий макала:Формасы жана мазмуну" жана “МЕДИА КАРЬЕРА” мектебинин жетекчиси, ф.и.к., Айнура Кабатай кызынын "Кептин техникасы" аттуу илимий-методикалык семинары болуп өттү. Бул  иш-чарага М. Рыскулбеков атындагы КЭУ, Б. Ельцин атындагы КРСУ, И. Раззаков атындагы КМТУ, КМЮА, И.К. Ахунбаев атындагы КММА, Ж. Баласагын атындагы КУУ, «Таалим Креатив» мектебинин өкүлдөрү жана КМКТАУнун «Физика жана колдонмо химия»,  «Кыргыз тили жана адабияты», «ФСГИ», “Колдонмо информатика” кафедраларынын окутуучулары жана кафедра башчылар да катышты. Мындай семинар университетибиздин рейтингин көтөрүп, башка жогорку окуу жайлар менен болгон кызматташтыкты өнүктүрөт. Коноктор бири-бири менен жакындан таанышып, мындан ары кызматташууну улантууну макулдашышты. “Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун”  чыныгы улуттук нукта  көркөмдөлүп, жасалгаланганына өзгөчө баа беришти.  Семинар баарына кызыктуу жана  жандуу болуп өттү. Дагы белгилей кетчү жагдай, коноктор Н. Исанов атындагы музейи менен тааныша кетишти. Семинардын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Өз кезегинде окуу жайлардын өкүлдөрү ыраазычылыктарын билдирип кайтышты. “Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору” мындан ары квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарларды өткөрүп турмакчы.   

Алапаева Чолпон