2020-жылдын 10-январында Н.Исанов ат.КМКТАУга бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоочу “Нова” окуу борборунун курсуна катышуучулары үчүн экскурсия өткөрүлдү.

Нарын жана Ысык-Көл областарынан келген 500 ашуун бүтүрүүчүлөр КМКТАУнун жетишкендиктерин кеңири чыгылдырган галереяны кыдырышты. КМКТАУнун кесипке багыттоо башкармалыгынын жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү презентация тартуулашып, кесипти тандоо боюнча маалымат баракчаларын таркатышып, университетке тапшыруу тууралуу бардык суроолорго жооп беришти. Жаштар борбору тарабынан концерттик программа сунушталды.

Кабыл алуу жана кесипке багыттоо башкармалыгы–Токтогазиева Н.К.