2019-ж. 12-13-декабрында ИСТ-1-16т. студенти (4-курс) Асанбаев Акоша Швейцариянын Женева шаарында өткөн конференцияга катышып келди.

Конференцияны «Дүйнөлүк интеллектулдык менчик уюму» уюштурулган. Аталган конференция интеллектуалдык менчик тууралуу багытта өткөрүлгөн, ага бир катар чет өлкөлүк (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түрменистан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Украина жана Россия) өлкөлөрүнөн келген окутуучулар жана студенттер катышышты. Конференциянын биринчи күнүндө аталган уюмга мүчө болгон бир нече мамлекеттин өкүлдөрү лекция окушту. Лекция интеллектуалдык менчиктер тууралуу болуп, анын түптөлүү жана өнүгүү жолдору талкууланды. Экинчи күнү жогоруда аты аталган мамлекеттердин окутуучулары жана студенттери тегерек стол форматында интеллектуалдык менчик тууралуу талкуулашты жана өз өлкөлөрүндө болгон жетишкендиктер, көйгөйлөр тууралуу ой бөлүшүштү.

Белгилей кетсек, 2019-ж. февраль айында Асанбаев А. Түштүк Кореянын улуттук изидөө фондусунан (National Research Foundation) грант утуп алган жана Кореянын УИФ (NRF) волонтеру LEE DAE GEUN консультациясынын натыйжасында «робот-гидди» ойлоп-табышкан. Ал робот интернет аркылуу аралыктан башкарылат жана университет боюнча гиддин функциясын аткара алат, ошондой эле официант же музейдин, соода борборунун гиди боло алмакчы. Ал эми ушул эле жылдын 3-октябрында А.Асанбаев университетибиздин Санариптик билим берүү борборунда «Мобилдик телефон аркылуу жарыкты башкаруу» долбоорун презентациялаган.

Г.Т.Эсенгулова