12-декабрда – заманыбыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына  Кыргызстанда “Адабият күнү” белгиленип келет.


Аталган күнгө карата 2019-ж. 10-декабрдаН.Исанов ат.КМКТАУдагы С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунда  адабий жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууга Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана  чыгармачылыгына арналып  жазылган  “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы”  аттуу романдын автору, жазуучу жана котормочу Самсак Станалиев  чакырылган. Автор бул чыгармада Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын романга айландырып, трилогия жанрында   жазган. Роман 2018-жылы жарык көргөн.  

Алгач иш-чараны С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, ф.и.к., доц. К.М.Жумакадырова ачып берип, китептин автору менен кыскача тааныштырды.  Андан соң, Самсак Станалиев катышуучуларга чыгарманын жазылып калуу  себептерин, таржымалын толук баяндап берди. Бул жолугушууга КМКТАУнун илимий иштер боюнча проректору Маданбеков Н.Ж., каржы-экономика жана чарбалык ишмердүүлүк боюнча проректору Жолболдуев П.Б.,  мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Болотов Т.Т., “Кыргыз тили жана адабияты”кафедрасы, “Жаштар менен иштөөнү уюштуруу жана орус тилин өнүктүрүү”кафедрасы, “Чет тилдер” кафедрасынын окутуучулары, студенттер катышып, кызыктуу маалыматтарды алышты.

Жолугушуунун катышуучулары  менен Самсак Станалиев  ортосунда кызуу талкуу жүрүп, ал Ч. Айтматовдун өмүрүнө байланыштуу көпчүлүккө белгисиз окуялар, фактылар жөнүндө  айтып берди.

Кабинет башчы - Ч.Ж.Алапаева