2019-ж. 5-декабрда Н.Исанов ат.КМКТАУда «Жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү» жана «Альтернативдүү энергия булактары» профилдеринде окуган студенттер үчүн «"Газпром Кыргызстан" компаниясынын негизги багыттары – эмгекти коргоо, өнөр-жай жана өрт коопсуздугу» деген аталышта конок лекция өткөрүлдү.

Университеттин жумуш берүүчүлөр менен болгон кызматташуусунун алкагында лекцияны ЖЧК «Газпром Кыргызстан» компаниясынын алдынкы адиси Гудкова Ирина Владимировна өткөрдү.

«Жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү»кафедрасы