2019-ж. 7-декабрь Н. Исанов ат. КМКТАУнун Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунда “Илимий макала жазуудагы негизги маселелер жана кепти туура колдонуу техникасы” деген аталышта семинар болуп өттү.

Семинарды ф.и.к., доцент Г.Станалиева "Илимий макала: Формасы жана мазмуну"; жана ошондой эле “МЕДИА КАРЬЕРА” мектебинин жетекчиси, ф.и.к., Айнура Кабатай кызынын "Кептин техникасы" темасы боюнча өткөрүштү.

Алгач семинарды университеттин илимий иштер боюнча проректору Мааданбеков Нуржан Жоломанович ачып берди. Университеттин каржы-экономика жана чарба ишмердүүлүгү боюнча проректору Жолболдуев Памирбек Бакыевич лекторлорго жана семинардын катышуучуларына КМКТАУнун күндөлүгүн, Н.Исановдун өмүр баяны тууралуу кыргыз тилинде китеп, калем, папка, белек-капты университеттин атынан тапшырды. Белгилей кетчү нерсе, КМКТАУнун окутуучуларынан тышкары да бул семинарга У.Асаналиев ат. КМТКУ, К.Тыныстанов ат. ЫМУ, М.Рыскулбеков ат. КЭУдан окутуучулар да катышышты.

КРнын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин атындагы мамлекеттик тил борбору мындан ары да университеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү жана окутуучуларга, илимпоздорго, студенттерге керектүү маалыматтарды берүү максатында семинар, тренинг, жолугушууларды байма-бай өткөрүп турмакчы.

 С.Жусуев ат.мамл.тил борборунун жетекчиси ф.и.к., доц. К.М.Жумакадырова