Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Н.Исанов ат.КМКТАУнун "Кыргыз тили жана адабияты" кафедрасы тарабынан түзүлгөн иш-чаралардын алкагында  2019-жылдын 4-декабрында  аталган кафедранын доценти, ф.и.к., М.Б.Сулайманкулованын жетектөөсүндө Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Колдонмо информатика адистигинин  ПИ-1-19 тобунун студенттери тарабынан "Кыргызча сүйлөйлү!" акциясы болуп өттү.

Бул акция “Суроо-сереп", "Көөнө сөздөр" бөлүмдөрүнөн түзүлүп, ошону менен бирге кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата улуу жазуучунун чыгармаларынан алынган кызыктуу маалыматтык сууроолорго жооп берүү жана макал-лакаптарды, көөнө сөздөрдү чечемелөөдөн түзүлгөн. Суроо-жоопторго  туура жооп берип, активдүү катышкан студенттерге кызыкуу белектер тапшырылды.

Аталган акциянын максаты - студенттерге тил казынабыздагы көөнө сөздөрдү, макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү жана Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз лексикасын таанытып, жайылтуу.

"Кыргыз тили жана адабияты" кафедрасы