2019-ж., 5-декабрда Н.Исанов атындагы КМКТАУда Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата "Ааламдын алп жазуучусуна таазим!" деген аталышта ачык сабакты ИСТ-1-19 тобунун студенттери "Кыргыз тили жана адабияты"кафедрасынын улук окутуучусу Н.А.Молдалиеванын жетектөөсү менен өткөрүштү.


Алгач  Ч.Айтматовдкн өмүр жолуна  арналган видеоролик көрсөтүлдү, андан соң "Кыямат" романынан үзүндүнү студенттер театралдаштырып аткарып беришти. Ч.Айтматов арналган ырлар окулду, "Ильястын ыры" аткарылды.

"Кыргыз тили жана адабияты"кафедрасы