Кыргыз Республикасында Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган  иш-чараларынын  алкагында жана КМКТАУдагы комплекстүү тарбия ииштеринин  планына ылайык 2019-жылдын 5-декабрда  «Т.Усубалиев - мамлекеттик жана саясий ишмер» деген аталышта  студенттер арасында тегерек стол  өткөрүлдү.

Тегерек стол   чыгармачыл "Арт-Мурас" студиясынын студенттеринин Т. Усубалиевге арналган  театралдык-музыкалаштырылган композиция менен  менен ачылды.  Т.Усубалиев тууралуу видеофильм көрсөтүлгөндөн кийин университеттин Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, т.и.к., доцент Т.Т.Болотов   мамлекеттик жана саясий ишмер Т.Усубалиев тууралуу кыскача баяндама жасады. Андан соң университеттин окумуштуу катчысы, т.и.к., доцент Н.А. Раджапова сөз сүйлөдү.

Иш-чарага коомдук ишмер, «Т.Усубалиев жана Кыргызстандын тарыхый инсандары» коомдук фондунун жетекчиси Сардарбеков Сабырбек Сардарбекович  да катышты. 

Тегерек столдун максаты – мамлекеттик жана саясий ишмер Т. Усубалиевтин  мамлекетибизге жасаган эмгегин, өмүр таржымалын,  тарыхтагы ордун, Кыргызстандын мал чарба-агрардык өлкөдөн, индустриалдык-агрардык өлкөгө өсүп чыкканын студенттерге жалпы маалымат берүү менен аларды мекенчилдикке, өз Мекенин сүйүүгө жана  ак кызмат кылууга, жарандуулукка үйрөтүү.

Тегерек столдун уюштуруучулары:«ФСГИ» кафедрасынын  проф.м.а.,тар.и.д.,Карыева А.К.,  ага окутуучулар:Карамолдоева С.С., Асаналиева Д.У.,Сапалова А.У.

«ФСГИ» кафедрасы