2019-ж. 29-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада “Аалы Токомбаевге  - 115 жыл” деген аталышта иш-чарага университеттин “Арт- Мурас” драмалык студиясынын студенттери жигердүү  катышышты. Аталган иш-чарада Аалы Токомбаевдин  калемине таандык ырлардан көркөм окуу сынагы өткөрүлдү.

Өз өнөрлөрүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университеттин студенттери да көрсөтүштү. Чыгармачыл студенттердин көркөм окууларын  атайын шайланган калыстар баалады. Алар элибизде белгилүү болгон акындар: Асан Жакшылыков, Меңди Мамазаирова, Гүлсайра Момунова, Жедигер Саалаев, Сейит Жетимишев. Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында, техникалык багыттагы жогорку окуу жайда окугандарына карабастан, биздин  университетибиздин студенттери (жетекчиси К.Макеева) баш байгелүү 1-орунду биздин студенттер жеңип алышты жана акчалай сыйлык (5000 с.) менен кайтышты.

Жаштар борбору