2019-жылдын 14-ноябрында Н.Исанов ат.КМКТАУга бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ)га даярдоочу “Нова” жана “Секом” окуу борборлорунун курсуна катышуучулары үчүн экскурсия  өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан келген 850 ашуун  бүтүрүүчүлөр КМКТАУнун окуу корпустарын, галереяны көрүштү. КМКТАУнун кесипке багыттоо борборунун жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү презентация   тартуулашып, кесипти тандоо боюнча мастер-класс өткөрүштү, маалымат баракчаларын таркатышып, ЖОЖдорго тапшыруу тууралуу бардык суроолорго жооп беришти.

Кабыл алуу жана кесипке багыттоо борбору –Токтогазиева Н.К.

</p