2019-жылдын  5-ноябрында  Борбордук Азиянын Америка университетинде  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил, тарбия иштери жана эл аралык кызматташуу боюнча  проректорлорунун, «Кыргыз тили» кафедра башчыларынын жана кыргыз тилин илимий жактан изилдеген илимпоздордун катышуусунда  "Жогорку окуу жайларда улуттук программанын аткарылышы" деген аталышта отурум болуп өттү.

Аталган иш-чарага Н.Исанов ат.КМКТАУдан  т.и.к., доцент, мамлекеттик тил, тарбия иштери жана эл аралык кызматташуу боюнча  проректору Т.Т.Болотов, ф.и.к., доцент, «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы К.М.Карыбекова, ф.и.к.,  «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын доценти  К.М.Жумакадырова,  ф.и.к., "КТжА" кафедрасынын доценттин милдетин  аткаруучу М.Б.Сулайманкулова катышышып,  кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу өз сунуштарын билдиришти.

Отурумду Н.Ишекеев мамлекеттик тил тууралуу ой-пикирлери жана сунуштары менен башталып, «Билим берүүдөгү мамлекеттик тил саясаты» аттуу долбоордун милдеттери, маселелери жана иш-чаралары каралды.

Биринчи милдет катары «Кыргызстанда жана чет өлкөдө кыргыз тилинин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары өздөштүрүлүшүн жана окутулушун камсыздоо» суроосу каралып, 19 маселе, 6 иш-чара аталып, талкууга алынды.

Экинчи милдет катары «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн зарыл болгон окуу жана методикалык колдонмолордун электрондук түрүн иштеп чыгуу жана колдонуу»суроосу каралып, 5 маселе талкууга алынып, сунуштар менен толукталды.

Иш-чаранын конокторуна  Кыргыз  Ресспубликасында  2014-2020-жылдары  мамлекеттик тилди  өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтуу улуттук программасынын алкагында жарык көргөн «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата  чыгарылган  «Кыргыз тили, адабияты жана аларды  окутуунун методикасы,тилдин теориясы адистиктери боюнча изилдөө жүргүзүүчү чет элдик аспирант-изилденүүчүлөрдүн мамлекеттик тил боюнча кандидаттык экзаменинин жобосу жана типтүү программасы», Р.Эгембердиевдин «Кыргыз тилиндеги фразеологизимдердин төркүнү(этимологиясы)» аталышындагы китептер белекке берилип,  Америка университетинин жалпы билим берүү тармагынын профессору, филология илимдеринин доктору, профессор У.Ж.Камбаралиеванын «Когнитивдик тил илими» китеби ар бир катышуучуга тартууланды жана автор жаңы эмгеги жөнүндө кыскача баяндама жасады.

Иш-чарада ар бир ЖОЖдун  «Кыргыз тили» кафедраларына  10 күн  ичинде  сунуш-пикирлерди Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.   электрондук дарегине  жөнөтүү милдеттендирилди.
Г.Эсенгулова