КР Президентинин “2019-жыл - аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” арналган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р. Отунбаева негиздеген “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн, Жогорку окуу жайлардагы санарип технологиясы боюнча адистердин, КР Жогорку технологиялар паркынын жана алдыңкы окумуштуулардан курамынан түзүлгөн демилгелүү топтун катышуусунда “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде. Санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер, мүмкүнчүлүктөр”- деген аталыштагы конференция Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарында болуп өттү.

Аталган конференциянын программасына ылайык:

15-октябрда Баткен областынын А.Жайнаков атындагы драмалык театрында;

16-октябрда Ош Мамлекеттик университетинде жана Өзгөн шаарынын администрациясында;

17-октябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Үч күндүк конференциянын ишинде Н.Исанов ат. КМКТАУнун ЖМТИнин директору, т.и.д., проф. Укуев Б.Т. - “КР билим берүү мекемелеринде интеграциялык чөйрөнү түзүү жана өркүндөтүү” деген аталышта баяндама жасады. Ошондой эле “Колдонмо информатика” кафедрасынын улук окутуучусу Черикбаев М.М. университет тууралуу видео-роликтерди бардык катышуучуларга көрсөтүп, конференциянын катышуучуларына буклеттерди таратып, кесипке үгүттөө иштерин жүргүздү.

Белгилей кетсек, бул конференциянын жүрүшүндө, 15-октябрда Баткен областынын №1 В.И.Ленин ат. мектебинин окуучулары менен жолугушуп, “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде. Санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер, мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта талкуу болуп өттү. Ал эми 17-октябрда Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп – гимназиясында жана Сузак районунун №35 “Комсомол” орто мектебинде да окуучулар менен жогоруда белгиленген тема боюнча маектешүү болуп өттү. Иш-чаранын соңунда мектеп окуучуларына биздин университеттин жетишкендиктери тууралуу кеңири маалыматтарды баяндап берип, университеттин ишмердүүлүгүн чагылдырган буклеттер таркатылды.

ЖМТИнин директору, т.и.д., проф. Укуев Б.Т.