2019-ж. 17,18-октябрда Н.Исанов ат.КМКТАУда 1-курсттун студенттери арасындагы «Жашообуз болсун ыр менен-2019» - фестиваль-сынагы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрөлдү: 

1.«Манас», «Семетей», «Сейтек» - эпосторунан үзүндү аткаруу;
2. Акындык чеберчилик– айтыш, дастан, төкмө акын, аккыя;
3.Аспапта ойноо– комуз, темир комуз, чоор, чопо чоор, ышкырык, сыбызгы, кыл кыяк;
4.Драмалык жанр – сатиралык миниатюралар, пародиялар, пантомималар, көркөм окуу;
5.Заманбап эстрада ырлары ( кыргыз, орус, чет тилдеринде аткаруу);
6.Автордук ыр (толук автор,музыкасынын же тексттин автору экендиги көрсөтүлсүн);
7.ШТК– Фристайл «Студенттик жашоо» 5 мүн.;
8.Хореографиялык жанр –элдик, заманбап, спорттук, тамашалуу, латын бийлери– самбо, румба,ча-ча, фокстрот, посадобль;
9. Алып баруучулардын сынагы (конференсье).

«Жашообуз болсун ыр менен-2019» фестиваль-сынагын өткөрүүнүн максаты - жаштар арасынан талантууларды аныктап, аларга чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүү. Ошондой эле республикалык жана шаардык  иш-чараларга, анын ичинен:«2019-ж. аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү»,«Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынгандыгына  30 жыл», «Бишкек - студенттик жаз-2020», «Улуу жеңиштин 75 жылдыгы» ж.б. жигердүү катышууга даярдык.
Аталган сынактын жыйынтыктары жана  номинациялары боюнча  жеңүүчүлөрү 13-ноябрда Т.Сатылганов ат. Улуттук филармонияда өтүүчү «Биринчи курстун студенттерине арноо» иш-чарасынын жүрүшүндө жарыяланат. Жалпысынан  фестиваль-сынакка (6 институттан жана 1 колледжден) 500 ашуун студенттер катышты.