2019 –жылдын 23-сентябрында Н.Исанов атындагы КМКТАУ нун колледжинде кыргыз тили сабагынын окутуучусу Н.С.Жайыловдун жетектөөсү менен “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине 30 жыл” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны колледждин “Мыкты окутуучусу” сыйлыгынын ээси, кыргыз тили жана адабияты окутуучусу Н.С.Жайылов студенттерди жана кызматкерлерди тил майрамы менен куттуктап, “Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили” аттуу баяндамасы менен ачып берди.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө 1-курстун студенттери арасында “Көркөм окуу”, “Ким макалды көп билет?” деген аталаштагы сынактар өткөрүлүп, “Кыргыз тили” деген аталыштагы дубал-гезиттер көргөзмөсү уюштурулду.

“Ким макалды көп билет?” сынагы абдан кызуу өттү. Аталган сынакта ОК-12-19 тобунун студенти Акбердиев Дастан жеӊишке жетип, уюштуруучулар тарабынан грамота менен сыйланды.

Кыргыз тили-жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили – Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан! –деген ураан менен иш-чараны аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Эсенгулова Г.Т.