2019-ж. 23-сентябрда Н.Исанов атындагы КМКТАУнун мамлекеттик тил, тарбия жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору, т.и.к., доц, С.А.Абылов, ТРАНСЭКОИНдин директору, т.и.д., проф.О.Т.Шатманов, окумуштуу катчы, т.и.к., доц. Н.А.Раджапова жана «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын жалпы эмгек жамааты Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышышты.

Иш-чара мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алуудагы тарыхый жагдайларды жана мамлекеттик тилдин учурдагы өнүгүшү тууралуу даректүү тасма көрсөтүү менен башталды. Андан соң КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.И.Ишекеев ачып, чогулгандарды куттуктап, сөз кезегин КР Президенти С.Ш.Жээнбековго узатты. Сооронбай Шарипович өз сөзүндө: «.....Элди эл кылган, мамлекетти мамлекет кылган фундаменталдуу баалуулуктар деп биз эне тилди, улуттук маданиятты, каада-салтты, көөнөргүс акыл-ойду, көркөм өнөрдү билебиз. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары макамга ээ болушу эркин мамлекетти куруунун, эгемендүүлүктүн эң алгачкы кадамы жана зарыл шарты болгон» - деп баса белгиледи. Аталган иш-чарага Президенттик Аппараттан, КР Өкмөтүнөн, КР Жогорку Кеңешинен, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан, министрликтерден, мекемелерден, жогорку жана орто окуу жайлардан жана акын, жазуучулардан өкүлдөр катышышты. Расмий куттуктоолордон кийин концерттик программа тартууланды.