КР мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 19-сентябрында Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы  тарабынан «Тил тагдыры-элдин дилинде» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп  өттү.

        1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Быйыл өлкөбүздө мамлекеттик тил макамынын кабыл алынышынын  30 жылдыгын белгиленүүдө.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүдө да Н.Исанов атындагы КМКТАУда да  алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Атап айтсак, соңку жылдары университетте кандидаттык диссертацияларды коргоо, магистердик жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерди,  долбоорлорду  коргоо,  авторефераттарды басып чыгаруу,  илимий макалаларды жарыялоо, окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгуу, иш кагазадарын жүргүзүү, көрнөк-жарнактарды даярдоо, ошондой эле китепканада бардык багыттар боюнча окуу куралдары, усулдук кондонмолор менен толуктоо жүргүзүлгөн. Университеттин сайты жана «УСТА медиа» гезитинин  басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде  маалыматтарды байма-бай жарыялап келет.  Ал эми «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы жана «Сооронбай Жусуев атындагы мамлекетттик тил»  борбору тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар, коомдук иш-чаралар, олимпиадалар, ар түрдүү сынак-фестивалдар өткөрүлүп келет.

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараны  «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, «Мурас» бийин аткаруу жана кыргыз тилине арналган ырларды көркөм окуу менен башталды. Андан соң университететтин мамлекеттик тил, тарбия иштери жана эл аралык кызматташуу боюнча проректор, т.и.к., доц. Абылов С.А., жалпы чогулгандарды Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы менен куттуктады. Андан соң:КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалымат-катчысы Жакыбалиев К.К. куттуктап, университеттин кызматкерлерине мааракелик «Кыргыз тили» төш белгилерин: каржы-экономика жана чарбалык иштер боюнча проректор, т.и.к., доц. П.Б.Жолболдуевге жана Мамлекеттик тил, тарбия иштери жана эл аралык кызматташуу боюнча проректор, т.и.к., доц. С.А.Абыловго тапшырды,  ал эми «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын окутуучусу Сартбай кызы Гүлзатка «Ардак грамота» тапшырды.  Университеттин жалпы жамаатын жана студенттерин  Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын атынан башкы адис Сапарбаева Жылдыз Отунчиевна  куттуктады.

Мындан сырткары «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын доц.,ф.и.к., Сулайиманкулова М.Б.  жана окутуучу Курманалиева К.К. университеттин ардак грамотасы менен сыйланышты. Салтанатттуу иш-чаранын программасына ылайык көркөм окуу, улуттук музыкалык аспаптарда күү аткаруу, улуттук бий бийлөө майрамдык шаңга шаң кошуп турду.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө  «Мамлекеттик тилдин бир айлыгы» алкагында өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө атайын  белектер тапшырылды. Атап айтсак:
Сабаттуу жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатында «Сабаттуу жазалы» акциясын институттар арасындагы сынагы;
Кафедралар арасында «Кыргыз тилинде чыккан мыкты усулдук колдонмо» көргөзмөсүнүн жыйынтыгы;
- «Дил азыгы – тил» аталышындагы автордук ырлар сынагы;
«Көркөм окуу» сынагы;
- «Эң мыкты дубал-гезит» сынагы;

     Белгилей кетүүчү нерсе  -  24.09.2019-ж.  «Эне тилин өнүктүрүүгө кошкон салымым» деген аталыштагы студенттер арасында тегерек отурум өткөрүлмөкчү, ал эми 30.09.-2019-ж.  «Мамлекеттик тилдин бир айлыгынын» жыйынтыгы чыгарылат.