КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын планына ылайык 2019-жылдын 3нөн 17-сентябрга чейин Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан 1-курстун студенттери арасында «Көркөм окуу» сынагынын биринчи туру өткөрүлдү.

Сынакты «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын улук окутуучусу Н.А.Молдалиева Н.А. жана окутуучу К.К.Курманалиева алып барышты. Тандоонун жүрүшүндө 2 студент автордук ырлары менен катышышты. Жыйынтыгында 10 студент экинчи турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар 19-сентябрда университеттин ЧЖЗда өтүүчү КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Тил тагдыры-элдин дилинде» аттуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы жана алардын ичинен 3 «мыкты көркөм окуучу» тандалып алынмакчы.

«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы