2019-ж. 16-сентябрда Н.Исанов атындагы КМКТАУда жарандык коргоону боюнча сабак өткөрүлдү.

Сабактын максаты - Жарандык коргоонуунун теоретикалык жана практикалык суроолору боюнча окутуу, ошондой эле эрежеге ылайык өзгөчө кырдаалда коркунуч тууралуу үн чакырыгы боюнча университеттин өздүк курамын коопсуз жерге чыгарууну машыгышты. Аталган сабакка университеттин бардык профессордук-окутуучулар жана кызматкерлер түзүмү, студенттер жигердүү катышты. Сабакты университеттин Жарандык коргонуу жана техникалык коопсуздук боюнча бөлүмдүн башчысы З.Т.Мусакожоев КР ӨКМ Октябрь райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган.