КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын планына ылайык 2019-жылдын 12-сентябрында  Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы  тарабынан сабаттуу жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатында «Сабаттуу жазалы» акциясы институттар жана курамдык бөлүмдөр арасында өткөрүлдү.

Акциянын жобосуна ылайык ар бир институттан экиден кызматкер  катышты.Аталган иш-чараны «КТжА» адабияты кафедрасынын улук окутуучусу З.Борсунбаева алып барды, соңунда комиссия жазуу иштерин текшерип, баа берди. Акциянын жыйынтыгы 19-сентябрда университеттин ЧЖЗда өтүүчү КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Тил тагдыры-элдин тилинде» аттуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жарыяланып, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылат.

«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы