2019-ж. 13-ноябрда Т.Сатылганов ат. Кыргыз улуттук филармонияда Н.Исанов ат.КМКТАУнун студенттери үчүн «Биринчи курстун студенттерине арноо – 2019» салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.

 Иш-чара заманбап жаштардын бийи менен башталып, "Таанышуу жана институттардын девизи" деген аталышта кызыктуу реквизиттер менен 7 институттардын жана колледждин парады менен улантылды. Көрүүчүлөр өз институттарынын студенттерин дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп жатышты. Андан соң билимдин символдорунун фонунда биринчи курстун студенттери салтанаттуу ант беришти.

Расмий бөлүктү куттуктоо сөзү менен университеттин ректору, т.и.д., профессор Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович ачып берди. Жаңы кабыл алынган студенттер келечектеги кесибинин ээси болуу үчүн бардык аракеттерди жумшап, ийгиликтүү билим алуу үчүн бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, ПМ-1-19 т.ст. Мусаева Акылайга символикалуу "билим ачкычын" тапшырды. Символикалуу студенттик билетти университеттин ардактуу профессору, белгилүү тарыхчы,   «Мекенчил Ала-Тоо» бирикмесинин башчысы Асыкбек Оморов ИСТ-1-19 т.ст. Минбаев Умарбекке тапшырды. Стейкхолдердин атынан «Royal construction» курулуш компаниясынын өкүлү Алыбаев Таалай символикалуу сынактык китепчени ТВ-1-19 т.ст. Жыргалбек уулу Арсенге тапшырды.

Андан соң эгемендүү Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун жубайы Бүзыйнат эже Н.Исановдун үй-бүлөсүнүн атынан 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыктары боюнча мыкты ийгиликтерге жетишкен 6 студент-активисттерге жеке стипендияларды тапшырды. Насирдин Исанов атындагы жеке стипендия 2008-жылдан баштап Н.Исанов ат.КМКТАУда студенттик кыймылды өнүктүрүүдө өзгөчө кошкон салымы жана окуудагы ийгиликтери үчүн ыйгарылып келет.

Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин 18 стейкхолдерлери 30 активист-студенттерге, 2 магистрантка жеке стипендияларды тапшырышты.

     Жыл сайын өткөрүлүүчү «Жашообуз болсун ыр менен-2019» фестиваль-сынагынын жыйынтыгы боюнча 1-курстун студенттерине жогорку чыгармачыл аткаргандыгы жана артистизм үчүн ректор дипломдорду:1-орунду Архитектура жана дизайн институтунун студенттерине; 2-орунду Транспорт жана экология жана Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттерине; 3-орунду Экономика жана менеджмент институтунун, Курулуш жана технологиялар институтунун жана КМКТАУнун Колледжинин студенттерине тапшырды.

       Университетибиздин окутуучулары жана студенттери арасында «УСТА-медиа» гезити кеңири таанымал. Эки жылдан бери ректорат жана   «УСТА-медиа» гезитинин редакциясы «Жылдын мыкты жазылып алуучусу" номинациясын ыйгарып келет, ал эми быйыл «Макалалардын мыкты автору» номинациясын ыйгарат. 2018-ж. «Жылдын мыкты жазылып алуучусу" номинациясы Архитектура жана дизайн институтуна ыйгарылды, «Макалалардын мыкты автору» номинациясы «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо» кафедрасынын башчысы, т.и.д., профессор Сүйүнтбеков Ислам Эсенкуловичке ыйгарылды.

   Салтанаттын концерттик программасы ар түрдүү жанрдагы жана ошол эле учурда элдик жана популярдуу, заманбап чыгармаларды аткаруу менен коштолду. Студенттердин чыгармачыл аткаруучулук чеберчиликтери дагы бир ирет университетибизде окуган студенттер арасында абдан көп шыктуу, жөндөмдүү студенттер бар экендигин тастыктады. Студенттерибиздин чыгармачылыгын баамдап отуруп, дагы бир ирет биз алардын келечекте мыкты куруучу, жол салуучу, архитектор, экономист жана программист гана болбостон, ошондой эле мыкты бийчи, ырчы жана көркөм окуган чыгармачыл инсан болооруна күбө болдук.

 Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан бардык катышуучулар биринчи курстун студенттерине өз студенттик күндөрүн көңүлдүү жана мазмундуу өткөрүү керектигин сахнадан көрсөтүп беришти.

.

 Уюштуруу комитети - КжТИ, ЭМИ