Илим – мамлекеттин эң маанилүү таянычтарынын бири. Илим коомду алдыга сүйрөп,  технологияларды өнүктүрүп, өндүрүштү жакшыртып, жаңы жолдорду ачат.


1 Жыл сайын 10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк илим күнү  белгилөөнүн максаты - коомдогу илимдин ролун жогорулатуу. Бүткүл дүйнөлүк илим күнүн өткөрүү 1999-ж. Будапешт шаарында өткөн  Бүткүл дүйнөлүк илимий конференцияда сунушталып, коом менен илимдин өз ара кызматташуусу зарыл экендиги белгиленген.
Бул адамзатка окумуштуулар тарабынан тартууланган жаңы идеялардын, ачылыштардын жана билимдердин майрамы.
             Ардактуу окумуштуулар, академиктер, профессор-окутуучулар, жаш илимпоздор, аспиранттар жана магистранттар!

Сиздердин баалуу билимиңиздер, үзгүлтүксүз тажрыйбаларыңыздар, жетишкендиктериңиздер үчүн биз ыраазычылык билдиребиз.  Сиздерге жаңы ачылыштарды, ийгиликтерди, дүйнөлүк атак-даңкты каалайбыз. Илим күнү менен куттуктайбыз.