Урматтуу кесиптештер жана студенттер!

         Эгемендүү Кыргыз Республикабыздын 29 жылдыгы жана 2020-2021-жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

       Биз, татаал жана оор сыноо мезгилде жашап жатабыз жана турмуш белгилүү бир өзгөрүүлөргө барууну талап кылууда.Андыктан, биз жалпы максатты көздөп, баарыбыз бирге вирусту жок кылышыбыз керек! Санитардык ченемдерди сактоо, чектөөлөрдү камсыз кылуу жана аткаруу менен биз бардык сыноолорго туруштук бере алмакчыбыз.      

        Мекенибизде ачык асман, эркиндик, биримдик болуп, элибизде  эмгекке, жаратмандыкка шарттар түзүлүп, бардык кыргызстандыктар улутуна, динине, туулган жерине карабастан Кыргызстанда тең укуктуу болуп, үзүрлүү эмгек менен татыктуу жаштарды тарбиялап, Мекени менен сыймыктангыдай студенттердин жаңы муунун даярдап, өлкөбүздүн ар түрдүү тармактарында атаандаштыкка жарамдуу кесипкөй адистерди чыгарууга тилектешмин.

          

                                   Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, т.и.д., профессор А.А.Абдыкалыков