Ректордун жаңы жылдык куттуктоосу

                           Кымбаттуу кесиптештер жана студенттер!

  Сиздерди 2020-жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм, сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга жарык маанай, иштериңиздерге ийгилик, үй-бүлөдөгү ынтымак-ырашкерликти каалайм.
    Жамаатык биримдик, бири-бирибизди колдоо  менен эриш-аркак эмгектенүүбүз өз үзүрүн берип келүүдө. Андыктан жаңы 2020-жыл биздин жамаатыбыз  жана студенттерибиз үчүн көрсөткүчтүү жылдардан болуп, биргелешкен эмгектин алгылыктуу натыйжаларын көрүп, жаңы демилгелерге жаңы күч-дем менен жаңы ачылыштарга жетишүүгө данакер болуп, пайдалуу иштерибиз жаңы кадамдарга жол ачсын.
   Жаңы жыл сиздер үчүн эң сонун белектерин, жагымдуу окуяларын, ишенимин тартууласын, жаңы жакшылыктарды ала келсин!

Терең урматтоо менен - КМКТАУнун ректору,  ЖОА вице-президенти, КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери, КР илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, т.и.д., профессор Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович