Урматтуу профессор-окутуучулар, кесиптештер!

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен сиздерди куттуктайм. Учурда  биздин студенттерибиз менен биргеликте мезгил талабына ылайык өз ишмердүүлүктөрүбүздү  жоопкерчилик менен улантып келүүдөбүз.  Убактылуу кыйынчылыктарды жеңүү  - биздин колубуздан келет!  Ар кыл кесип ээлерин  даярдап чыгарууда биздин  аткарган ролубуз маанилүү. Студенттерибиз жөн гана тапшырмалардан аткаруудан сырткары келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү адис болушу үчүн студенттик мезгилден тартып "ийгиликтин формуласын" жаратуусуна университет тарабынан бардык шарттар түзүлгөн. Бутуруучулорбуз  өз ийгиликтери жана жетишкендиктери менен университетибизге сыймык, кубаныч тартуулашсын. Урматтуу кесиптештер, окутуучулук талантыңыздар толугу менен  ишке ашырылсын, акылман жана адилеттүү болуңуздар. Өлкөбүз үчүн жаштарды тарбиялоодо ийгиликтүү жаратмандык иштерди каалайм!

                                                             Н.Исанов ат.КМКТАУнун ректору, т.и.д., проф.А.А.Абдыкалыков