Ректораттын демилгеси менен студенттердин жашоо шарттарын жакшыртуу, студенттик жашоону активдештирүү процессине тартуу максатында КМКТАУнун студенттеринин профкому тарабынан “Мен ушул жерде жашайм” аттуу конкурс төмөндөгү номинациялар боюнча жарыяланат:


Кыздардын эң мыкты бөлмөсү

Балдардын эң мыкты бөлмөсү

Ички жасалгасы оригиналдуу бөлмө

Эң мыкты секция

Утуп алган орундардын санына жараша «КМКТАУнун эң мыкты жатаканасы» аныкталат жана өтмө Кубок ыйгарылат.

Конкурс 2020-жылдын 17-февралынан 7-мартына чейин өтөт.

Жобо менен ушул жерден таанышсаңыз болот.