2015. 20-октябрда  Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш,транспорт жана архитектура университетинде  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу,ошондой элеКыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына  ылайык иштелип чыккан иш-чаралардын алкагында  «Мамлекеттик тил» борборунун  ачылышы жана«Мамлекеттик тилдин маселелери жана  келечеги» деген  аталыштагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.


Алгач келген меймандардын катышуусу менен  университеттин №1 окуу имаратынын 2-кабатында «Мамлекеттик тил» борборунун  ачылыш аземи болуп өттү. Андан соң  университеттин жыйындар залындагы конференциянын ишин Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, профессор Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович расмий ачып, университеттеги мамлекеттик тил боюнча ишке ашырылып жаткан иш-чаралар жана келечек пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Конференциянын жүрүшүндө ардактуу меймандар:

  1. КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил улуттук комиссиянын төрагасы Эрматов Эгемберди Эрматович;
  2. КР билим берүү жана илим министрилигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Жайнакова Гүлнур Бердибаевна;
  3. Бишкек шаарынын  мэриясынын мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыдыршаев Нурлан Токтогулович;
  4. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Кыргыз тил» каф. башчысы, филол.и.канд., доцент Исмаилов Асанбек Усөналиевич;
  5. И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессору, филол.и.д. Саматов Кубат Саматович чыгып сүйлөштү.         

Конферециянын күн тартибине ылайык пленардык бөлүк чыгармачыл  студенттердин концерттик программасы менен жыйынтыкталып, конференциянын катышуучулары секциялар боюнча өз иштерин улантышты.