Мамлекеттик тилге 30 жыл

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетиндеги мамлекеттик тил жаатындагы орчундуу жаңылыктар

«Мамлекеттик тил» борбору

 2014-ж. 21-февралында  Эл аралык эне тил күнүнө карата Бишкек шаарындагы Туризм академиясынын базасында «Мыкты боорсоктор» сынагы  болуп өттү.

Боорсок – бул көчмөн элдердин камырдан кичине өлчөмдө кесилип, (тегерек же төрт бурчтук формасында) май казанда куруу  жолу менен даярдалган даам. Боорсок - майрамдык дасторкондун көркүнө-көрк кошуучу даам экени шексиз.
«Мыкты боорсоктор» сынагына Бишкек шаарынын 11 ЖОЖдору катышты, биздин университеттен «Кыргыз тил» кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доц.милд.атк. Жумакадырова К.М.,улук окутуучу   Бариева А.Ж.,  окутуучу Жумагул кызы Айнура, каб.баш. Сартпай кызы Гүлзат сынактын жобосуна ылайык -"Сеп боорсок","Гүл боорсок","Чий боорсок", "Той боорсок", "Көөкөр", "Чак-чак","Каттама","Чарчы","Эжигей","Бытырак" даярдашкан. Сынактын жыйынтыгында КМКТАУнун катышуучулары  КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын 2-даражадагы дипломуна  ээ болушту.

                     1
2  3
4   5

2014-ж. 19-февралда  Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш,транспорт жана архитектура университетинде  21-февраль эларалык эне тил күнүнө карата «Кыргызча сүйлөө кыйынбы.....?» деген  аталыштагы тегерек отурум  болуп өттү.
Аталган иш-чарага: КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын бөлүм башчысы Молдоканов А.М., Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясынын илимий редактору Осмоналиев Т.Ө, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургуналы  Турсуналы уулу катышышты.

6 7

8  9

Кыргыз тилинен ачык сабак 

1   2

3

КР биринчи премьер-министр,  көрүнүктүү коомдук ишмер  Н.Исанов -70 жылдыгына карата Н.Исановдун кызы Мариям Насирдиновна Исанова менен жолугушуу.

4

КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары  Чолпон Түмөнбаева менен жолугушуу.

Кафедра жамааты «Нооруз» майрамдык салтанатында

5 6

7  8
9 1

2014-ж. 18-апрелинде Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Кыргыз тил» кафедрасы тарабынан уюштурулган «Ыр канатында» деген аталышта  поэзия кечеси болуп өттү.

            Кыргыз адабияты, анын ичинде Кыргыз поэзиясы таланттуу акындарга бай экенин жакшы маалым. Алар: Алыкул Осмонов, АалыТокомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Байдылда Сарногоев, Мидин Алыбаев ж.б. акындардын муунун - улуу муун деп атасак, Кожогелди Култегин, Кыялбек Урманбетов, Бактыгүл Чотурова, Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Асан Жакшылыков ж.б. акындардын муунун - орто муун деп айтабыз. Ал эми жаш муундун катарын – Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожо, ж.б. таланттуу акындар толукташат.
Мен жаш акын, поэзияга жакын,
Жанданып жан дүйнөмө калем курчтайм.
Өркүндөтүп өнөрүмдү, алдыга өсөмүн,
Поэзияга кызыккан, мен болочок акын-дегендей университетибиздин  ыр жандуу студенттери да чын ыхластан жараткан ырларын окуп бергенге дилгир болуп турушуту.
         Аталган  поэзия кечесине  Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Эл аралык жана республикалык адабий  сыйлыктардын ээси, Чыңгыз Айтматов атындагы «Нур» адабий жаштар борборунун башчысы  Нурлан Калыбеков жана «Кыргыз Туусу» гезитинин журналисти, белгилүү акын Жыпара Исабаева катышышты. Алгач келген меймандар өз ырларынан окуп беришип, андан соң студенттердин ырларына назар салышты. Университетибизден ПИ-1-11 тобунун студенти Качкынбек кызы Нуржан, ОБД-1-09 тобунун студенти Абдраимов Нурбек, ВР-1-13 тобунун студенти Курбанбек уулу Урматбек, ПЗ-1-13 тобунун студенти  Муратбек уулу Байымбет, АиЭ-1-13 тобунун студенти Жыргалбеков Тагай, М-1-13 тобунун студенти Жыргалбек уулу Айбек өз калемдеринен жаралган ырларын көрүүчүлөрдүн жана келген мейман-акындардын сыноосуна, баалоосуна окуп берип жатышты.
Студенттер менен бирге университеттин Окумуштуулар кеңешинин катчысы Н.А.Раджапова, «Кыргыз тили» кафедрасынын башчысы К.М.Жумакадырова да өз ырларынан тартуулашса, Окуу-маалымат башкармалыгынын  башчысы Р.А.Жумабаев  Жыпара Исабаеванын ырынан көркөм окуп берди.

 24
56
78
91

2
Кафедра жамааты ишембиликте.