Этноархитектура деген эмне? Анын кимге, эмне кереги бар?

1.Өзүнүн эне тилиндей, мукам обонундай, кийиминдей жана башка баалуулуктары сыяктуу эле ар бир элдин өз архитектурасы (курулуш өнөрү) бар , болгон жана болот, ошондуктан ХХ1 кылымдын деңгээлине  жараша  кыргыздар да өз архитектурасына ээ болууга татыктуу.

2.Эстетикалык, маданий, илимий-техникалык, а түгүл саясий  жагдайдан  караганда  этноархитектура азыркы чар жайыт заманда кыргыз улутунун   өнүгүп-өсүшүнө  туруктуу  жөлөк боло алчу каражат.

3.Кытайдын, Катардын, Түркмөнстандын  ж.б. кээ бир өлкөлөрдүн заманбап этноархитектурасынын чыгармалары алардын мамлекеттик символдоруна айланып жаркыраганын  танууга  болбойт ко.

4.Батыш модернизмине же постсоветтик түзүлгөн абалга   салыштырмалуу караганда  “заманбап этноархитектурасы” деген түшүнүк бул-инновациялык же башкача ток этер маанисин айтканда, альтернативдик архитектура десек болот.

5.Этноархитектура – бул бүгүнкү глобализмдин ачуу чакырыктарына тайманбай, түздөн-түз жооп айтуу, демек этноархитектура чоочун , аты-заты дайынсыз, сырткы күчтөрдү да, баш-аягы жок чакчалекей  болуп жаткан ички жашоо чөйрөбүздү да сындайт, жектейт.

6.Этноархитектура –бул заманбап архитектуралык  кесипкөйлүктүн  жүрөк көөнү (кредо) жана  философиясы, ал ар бир кыргыз архитекторунун мекенчил позициясы, ошону менен катар кыргыздын өзүн өзү сыйлоосуна, улуттун кайра жаралуусуна , маданияттын үзгүлтүксүз өөрчүшүнө мамлекеттүлүгүбүздү  сактоого байырланган конуш.

7.Этноархитектура –бул бүгүнкү күндүн  көйгөйүн түшүнүп келечекке умтулган, өлкөнүн  көркөм келбетин, бүтүндөй чөйрөсүн жаңыртуучу, маданий жана материалдык баалуулуктарыбызды сактоочу, башка өлкөлөргө, айрыкча кошуна Борбордук Азия мамлекеттерине тең ата болуп  туруучу, мезгилдин закымына шайкеш келген архитектуралык чыгармалардын  гипотезасы, концепциясы, багыттары жана  илимий-эстетикалык доктринасы.

8.Этноархитектура-бул  жеке чыгармачылык көз-караш, бул  ар түрдүү имараттарды, курулмаларды, комплекстерди, айыл-шаарларды улуттук колоритте куруунун усулу, бул маданий  ландшафттты көркөм калыптоонун  өзгөчө жолу.

9.Этноархитектура- бул чийме аркылуу  дааналанган дүйнөнүн сүрөтү (картинасы)  жана кыргыз элинин өмүр сүрүү образы (элеси), ал  ата мекендик архитектурабыздын жакынкы тактикалык жана келечек  стратегиялык максаты (ой-мүдөөсү) , бул кыргыз архитекторлорунун ХХ1 кылымдагы чыгармачылык эңсөөсү.

10.Этноархитектура-бул тарых менен заманбап мезгилдин куюлушу (синтези),  бул көчмөн маданиятыбыздын жана рухий байлыгыбыздын гармониясы. Этноархитектура- мезгилдин коңур жели сымал,  үй-жайдын  түпкү маңызы жана  чатыры, ааламды сүңгүгөн түздүк жана бийиктик...

11.Сезимтал, көрөгөч, кадырман  Мекендештерим, биз бир жагынан ата-бабалардын сын-көз ойчулдугуна, бай маданий мурасыбызга, экинчи жагынан заманбап илимдин, техниканын, технологиянын, искусствонун ийнине бекем туруп, көз жоосун алган,  денени титиреткен, көркөм архитектуралык дүйнөнү жаратууга милдеттүүбүз.
Ишенич бар, жаратуу  колдон келет. Бул - биздин ыйык миссиябыз( парсыбыз).

12. ХХ кылымдын башында италиялык архитектор Сент Элия биринчи “Футуризмдин манифесттин “жазды эле, 20-жылдары модернисттер авангардтык архитектуранын туусун  тарыхтын урандыларынын үстүнө сайышты. Ал эми 60-жылдары европалыктар Афин хартиясын архитектура  жана шаар куруунун жалгыз жолу деп жорушту. Анын баары эми артта калды, бүгүн болсо  чокубузда  глобалдык стилдин үрөйдү учурган сүрдүү желеги желбиреп турат.
Глобализмдин оор салмагынан белибиз мерттенбей, цивилизациянын бучкагында тебеленип, талаада калбай  өз жолубузду, өз архитектуралык идеалыбызды  Ала-Тоонун мейкининен күжүрмөндүүлүк менен издейли.
Эй, Кыргызым ,биздин алтын доорубуз келип калыптыр!

13.Архитектурада жеке инсандын орду өтө бийик, бирок  улуттук архитектуранын тагдырын жалгыз чыгаан кежирлерге таңуулабайлы. Анткени этноархитектуранын чыгармаларын жана образдарын бир пикирлеш, үзөнгүлөш, толук кандуу чыгармачыл муун  гана түзөт. Ошондой эле  аларга чебер куруучулардын , баамдуу бизнесмендердин, акылдуу  бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу зарыл. Чыңгыз Айтматов айткандай “Ар бир күндө инсандын  адам болуп калуусу кыйын ”, ошондуктан  бүт өмүр бою далалат кылып, нукура кыргыз архитектору болуш дагы өтө кыйын.

14.Этноархитектурабыз өз баралына качан жетет? Саны бар, сапаты жок тарыхый-эстелик комплекстер же жол боюндагы соода боз үйлөрдүн, көбөйүшүнөн эмес, айланабызды чыныгы архитектуралык чыгармалар, мисалы, “Кыргыз үйү”, “Кыргыз мектеби”, бала- бакча, этно-оорукана, дүкөн, атүгүл “Кыргыз шаары” курчап турганда гана жана алардын функционалдык түзүлүшү дагы, мейкиндик калыптанышы дагы, форма келбети дагы кыргыз күүлөрүнүн ыргагына жана  тоолуу өрөөндүн ландшафтына укмуштуудай кыналганда  гана пайда болот.

15.Бизди Улук Көк Теңирим колдосун! Этноархитектурабыздын идеясынын көркөмдүгүнө, кыргес-кырылгыс кыргыз элибиздин түбөлүк санжыра чынарына, кыргыз архитектурасынын жана курулушунун башаты Ыстам бабанын осуятына, төбөсү жарык ,бийик, кырк канат, ичи  кызыл, сырты аппак боз үйдүн шыбаасына, чексиз мейкин -мезгилдин  сепили Манас атанын дөөтүнө, ыйык Жер-Эненин жалынына, Ала-Тоонун кереметине тобо дейли.....

Дүйшөн Жунуш уулу Өмүраалы тегини, март айы, 2019-жыл.