«КОЛДОНМО ИНФОРМАТИКА» КАФЕДРАСЫ                     

КМКТАУ 650003 «Колдонмо информатика» (тармактар боюнча) адистиги боюнча адистерди даярдоонун базалуу окуу жайы.

650003 «Колдонмо информатика» (тармактар боюнча) толук жогорку билимдүү адистерди даярдоо алгачкы жолу Кыргызстанда Россиялык стандарттын негизинде 2001-ж., февралында ачылган. Аталган адистиктин негизинде кафедра түптөлгөн. Окутуунун нормативдик күндүзгү формада мөөнөтү 5 жыл, сырттан окууда 6 жыл түзөт. Бүтүрүүчүлөргө информатик квалификациясы ыйгарылат.

Кафедраны негиздөөчүсү жана биринчи башчысы ЭИА жана А.Эйнштейн атындагы ЭЭА академиги, М.Ломоносов орденинин кавалери, т.и.д., профессор Б.Т.Укуев болгон.  (кафедра курамы>>)

Учурда кафедра 2 багыт боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдайт:

1. Колдонмо информатика  5 профилдер боюнча:

  1. Колдонмо информатика  экономикада;
  2. Колдонмо информатика жол кыймылынын коопсуздугун уюштурууда;
  3. Колдонмо информатика  дизайнда;
  4. Архиектурадага колдонмо информатика;
  5. Компьютердик дизайндагы колдонмо информатика;

2. «Фундаменталдык информатика жанамаалыматтык технологиялар»:

  1. Программалык камсыздоонун инженериясы;
  2. Информатика жана компьютердик илимдер;


Кафедрада колдонмо информатиканы тармактар боюнча колдонууну өнүктүрүүгө багытталган илимий-изилдөө жана билим берүү ишмердүүлүгү менен байланыштуу иштер жүргүзүлөт. Кафедранын кызматкерлери TEMPUS, INTAS эл аралык программаларына, ошондой эле эл аралык жана республикалык конференцияларга активдүү катышышат.

 



Биздин окутуучулар билим берүү жана илим тармактарында бир катар ийгиликтерге ээ. Атап айтсак, 2006-ж.,  билим берүүдөгү өзгөчө салымы үчүн  ЖМТИнин директору, ЭИА жана А.Эйнштейн атындагы ЭЭА академиги Б.Т.Укуев «Жылдын адамы» деп таанылган. Билим берүүдөгү өзгөчө салымы үчүн   кафедранын профессорлору: э.и.к., ЖМТИнин директору, Б.Т.Укуев жана т.и.д., В.Н.Свиденко ардак грамоталар менен сыйланышып,  «Мустафа Кемаль [Ататюрк]» эл аралык илим жана маданият кайрымдуулук фондусунун алтын медалы менен сыйланышкан.

«Колдонмо информатика» кафедрасынын эл аралык байланыштары кафедра негизделген күндөн тартып өнүгүп келет. Кафедранын окутуучулары чет өлкөлүк университеттерде стажировка өтүү, кафедрага чет  өлкөлүк адистерди  ишке тартуу, окутуучулардын чет өлкөлүк адистерди даярдоо борборлорунда квалификациясын жогорулатуу аркылуу өнүктүрүү каралган.

Жаңы Зеландиялык волонтер, профессор Эндрю Смит 2004-ж., баштап кафедрада 2 сабактан окутуу ишин алып барат. Бир нече окутуучулар чет өлкөлөрдө IT-технологиялар боюнча квалификацияларын жогорулатуудан өтүштү: 2007-ж., ага окутуучу  А.А.Жээналиев ГИС-технологиялар боюнча  Королдук технологиялык институтунун (Стокгольм, Швеция) «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасында магистратураны аяктаган.

                                                                                       Жооптуу: Черикбаев Мирлан

                                                                                                 Жаңыланды:19.07.20.