Аты-жөнү |
Дербишева Эльмира Дупеновна |
Туулган жылы |
04.08.1968 |
Ээлеген кызматы, илимий даражасы, наамы |
«Менеджмент» кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу |
Билими |
ФПИ,1990-ж., Экономика жана курулушту уюштуруу |
Илимий-педагогикалык стажы |
1993-жылдан баштап. |
Окутуучу сабактары |
Менеджмент, Персоналды башкаруу, Стратегиялык менеджмент, Менеджменттин заманбап маселелери, Стратегиялык менеджменттин ыкмалары. |
Илимий кызыгуу тармагы |
Курулуш комплекси, Турак-жай курулушунун өнүгүүсү, курулуш ишканаларын башкаруу көйгөйлөрү. |
Билими: 1985-1990 -жж. |
Фрунзе политехникалык институту. Инженердик-курулуш факультети, кесиби «Экономика жана курулушту уюштуруу» |
Иш тажырыйбасы: |
Кыргыз курулуш жана архитектура илимий-изилдөө институту. Курулуш көйгөйлөрүн комплекстүү автоматташтыруунун инженери |
1993-1994-жж. |
Кыргыз Архитектуралык-Курулуш Институту «Ишмердик иш-аракет жана курулушту уюштуруу» кафедрасы, ага лаборант, окутуучу |
1994-2005-жж. |
«Курулуштагы менеджмент» кафедрасы, окутуучу, ага окутуучу, доцент |
2005 -жылдан бери |
«Менеджмент» кафедрасынын башчысы, доцент |
Негизги кызматына катар иштеген кызматтары: |
|
2004-2006 -жж. |
Курулуш, экономика жана менеджмент институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары |
2006-2011-жж.. |
Экономика жана менеджмент факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары |
Дербишева Э.Д. университетте 1993-жылдан бери кызмат өтөп келет, ФПИнин инженердик курулуш факультетин «Экономика жана курулушту уюштуруу» кесиби боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Педагогикалык ишмердүүлүгүн «Ишмердик иш-аракет жана курулушту уюштуруу» кафедрасынын окутуучу кызматынан баштаган. «Менеджмент» кафедрасынын ага окутуучусу, доценттин милдетин аткаруучу, доцент катары эмгектенген. 2004-2005-окуу жылдары КМКТАУнун Курулуш, экономика жана менеджмент институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, 2006-2011-окуу жылдары Экономика жана менеджмент факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары катары иш алып барган. 2005-жылдын июнь айынан тартып азыркы мезгилде КМКТАУнун «Менеджмент» кафедрасына башчылык кылып келет.
Усулдук иши. Жогорку окуу жайлар арасындагы окуу усулдук уюмунун курамында «Менеджмент» багыты боюнча үчүнчү муундагы стандартты иштеп чыгууга катышкан. Кошумча кесиптик билим берүү боюнча программаларды даярдоо менен алектенет. «Менеджмент», «Персоналды башкаруу», «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» курстары боюнча окуу усулдук комплекстерин иштеп чыккан, ушул эле сабактар боюнча усулдук көрсөтмөлөр жана сунуштоолору даярдалып, жарыкка чыккан.
Илимий ишмердүүлүгү. 2000-жылы «Рыноктук мамилелердин түптөлүү шартында курулуш ишканаларын башкаруу» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Турак-жай курулушунун өнүгүү көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөрүн улантууда. 42 илимий макаласы жана «Кыргыз Республикасындагы турак-жай курулушу: абалы жана келечеги» аттуу, 22,6 б.т. өлчөмүндөгү монографиясы басылып чыккан.
КМКТАУнун КЭМИ Кеңешинин мүчөсү, КМКТАУнун ИТКнин мүчөсү, КЭМИнин усулдук комиссиясынын төрайымы болуп саналат. КМКТАУнун жана КР БбжИМнин сыйлыктары жана Ардак грамоталары, «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУСУ
мезгили |
квалификацияны жогорулатуу түрү |
жери |
Декабрь 1994-декабрь 1997 |
Аспирантура |
КАКИ |
Март-Июль 2005 |
Окуган курстары: |
ОБСЕ – ОФ ЦТК |
Октябрь 2006 |
9000 сериясындагы ЭС ИСО негизинде мекемени башкаруунун заманбап ыкмалары |
Сапат менеджмент Казахстан академиясы |
Май-июнь 2009 |
Окуу иш-аракетине инновацияларды киргизүү |
МУК |
Июнь 2009 |
Компетенттик багыт жасоонун негизинде жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик окуу стандарттарын жана окуу программаларын долбоорлоо |
Teach-Ex жогорку билим берүү академиясы |
Октябрь 2010 |
«Компьютердик тиркемелердеги жөндөмдөр», «Дистанттык окутуу системасы» боюнча |
КМКТАУ ИПБ |
Монография:
1. Дербишева Э.Д. Кыргыз Республикасындагы турак-жай курулушу: абалы жана өнүгүү келечеги. – Бишкек, Алтын принт, 2012. – 361 б.
Монография Кыргыз Республикасында турак-жай курулушунун заманбап абалын жана өнүгүү келечегин изилдөөгө арналган. Адамдын маанилүү керектөөлөрүн канааттандырууда турак-жай курулушунун ролу жана орду каралган. Турак-жай рыногунун иштөөсүнүн теоретикалык абалы жана турак-жай курулушунун өнүгүү көйгөйлөрү жазылган. Кыргыз Республикасында турак-жай курулушуна жана турак-жай менен камсыздоонун абалына терең талдоо жүргүзүлгөн. Турак-жай курулушунун өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары аныкталган. Турак-жай курулуш чөйрөсүндөгү каржылоо жана камсыздоо, мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү маселелерине чоң көңүл бурулган.
Монография экономика жана курулуш, мамлекеттик башкаруу, турак-жай чөйрөсүндөгү кесипкөйлөргө, о.э. аспиранттар, окутуучулар менен курулуш жана экономика багыты боюнча билим алган студенттерге сунушталат.